Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 16-март күнү саат 05:54тө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Эңилчек айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.