Марал Радиосу

Коронавирус: Соцтармакта жалган кабар тараткан 15 жаранды милиция кармады

Коронавирус кырдаалына байланыштуу социалдык тармактарда жалган маалымат тараткан 15 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлү коронавирустун алдын алуу боюнча Республикалык штабдын бүгүн, 16-мартта өткөн жыйынында айтты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Алар соцтармактарда, мессенжерлерден чындыкка коошпогон маалыматтарды таратышкан.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.