Марал Радиосу

Өзбекстанда жума намазын окуу убактылуу токтотулду

Өзбекстанда коронавирус эпидемиясынын жайылганына байланыштуу жума намазын окуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзбекстандагы Мусулмандар башкармалыгынан маалымдашты.

“Жума намазынын ордуна ар ким өз үйүндө бешим намазын окусун. Ошондой эле, 5 убак намазды да ар ким өз үйүндө окуса болот”,-деп айтылат.

Андан сырткары, жаназа каза болгон кишинин жакын туугандарынын гана катышуусунда өтмөкчү.

Соңку маалыматтар боюнча, Өзбекстанда коронавируска кабылган 6 адам катталды. Алардын бешөө бир үй-бүлөдөн.