Марал Радиосу

Карантинге алынган Жогорку Кеңештин депутаттарынын абалы туруктуу

Германиядан келип, карантинге алынган Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Абдыбек Дүйшалиевдин жана 6 кызматкердин абалы туруктуу.

Бул тууралуу Парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Алардын баары учурда үй карантининде кармалууда. Тапшырган анализдери таза чыккан.

ЖКнын делегациясы беш күндүк иш сапары менен өткөн аптада Германияга барышкан. Эпидемиялык абалдан улам иш сапар чукул кыскартылып, алар мекенине келишкен.