Марал Радиосу

Казакстанда коронавируска кабылгандардын саны сегизге жетти

Казакстанда коронавируска кабылгандардын саны сегизге жетти. Мындай маалыматты өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртановго таянып, Tengrinews.kz. агенттиги жазды.

Бүгүн эртең менен текшерүүлөрдөн соң дагы 2 жарандан коронавирус аныкталды. Алардын бири — 1959-жылы туулган аял. Учурда Алматыда жугуштуу оорулар ооруканасында жатат. Ал буга чейин вирус аныкталган жарандын жубайы болгон. Оору жуккан. Алар өз учурунда изоляцияга алынган, — деди Биртанов.

Ошондой эле, экинчи жаран кечээ, 14-мартта Сеул-Алмата рейси менен келген, 1995-жылы төрөлгөн казакстандык болгондугун айтты.

Маалыматка караганда, вирус жугузгандар менен чогуу учуп келгендер жана бейтаптардын жакындары ооруканага жаткырылган.

Буга чейин Казакстанда коронавируска кабылган алты учур катталганы айтылган болчу, алардын төртөө Алматыда, экөө Нур-Султанда катталган.

Учурда стационардык карантинге 1425 адам алынса, 496 адам үй карантинине алынган.