Марал Радиосу

Өзбекстанда коронавируска кабылган алгачкы учур катталды

Өзбекстанда коронавирус аныкталган алгачкы учур катталды. Мындай маалыматты Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик боюнча агенттикке таянып, Сentralasia басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, коронавирус Өзбекстандын Франциядан келген жаранында аныкталган.

Учурда аталган вирустун таркашына жол бербөө үчүн эпидемиологиялык жана  профилактикалык алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.