Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-мартта бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.
Анда коронавирустун өлкөгө кирүүсүнүн алдын алуу жана экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чечимдер талкууланды.
«Ачыгын айтышыбыз керек, коронавирустун кесепети экономикага терс таасирин тийгизет. Республикалык бюджеттен чыгашаларды экономдоо режимине өтүп, чакырыктарга, кыйынчылыктарга даяр болушубуз керек», — деди президент.
Жээнбеков калктын саламаттыгы биринчи кезектеги маселе экенин, саат сайын мамлекеттик органдардан маалымат алып жатканын белгиледи.
«Такталбаган маалыматтар социалдык тармактарга да тарап кетүүдө. Коронавирус Кыргызстанда жок дегенден күмөн санап, шектенген да пикирлер айтылууда. Жакынкы коңшу мамлекет Казакстанда бул илдет катталды дегенден кийин, бизде да кооптонуу күчөйт. Бул табигый көрүнүш. Мындан ары да ишти күчөтүп, эң негизгиси коомчулукка маалыматты ачык, ыкчам берип туруу зарыл», —деди президент.
Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Акылбек Султанов Кыргызстандын калкын каттоо буга чейин пландалган мөөнөттө — 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин, алыскы райондордо — 20-апрелден 29-апрелге чейин өтөөрүн маалымдады.
Ошондой эле 16-марттан баштап, өлкөнүн бардык мектептерин жана жогорку окуу жайларын үч жумага карантинге жабуу чечими кабыл алынды.
Президент тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги жөнүндө эскертип, зарыл болгон иш-чаралар тиешелүү деңгээлде аткарылбаса эң катуу чаралар көрүлөрүн айтты.