Марал Радиосу

Белоруссияда миңге жакын калктуу пункт жарыксыз калды

Белоруссияда катуу шамалдан улам адамдар жашаган 1000 чакты пункт жарыксыз калды. Бул тууралуу «Белэнерго» биримдигине шилтеме жасап ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, катуу шамалдын кесепетинде жарыксыз калган 976 айылда ток өткөрүүчү зымдарды оңдоо иштери жүрүүдө.

Өлкөнүн Литва менен чектешкен тарабында транспорт кыймылдары токтотулган.

Синоптиктердин айтымына караганда, 13-мартта да айрыкча Белоруссиянын түндүк-батышында күчтүү шамал катталмакчы. Сары түстөгү кооптуулук деңгээли жарыяланган.