Марал Радиосу

Катар социалдык долбоорлорго грант бөлүүгө даяр

Президент Сооронбай Жээнбеков Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тараптар үстүбүздөгү жылга карата эки өлкөнүн ортосундагы өз ара байланыштарды кеңейтүү боюнча орток пландарды белгилешти.

Катар Кыргызстанда социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн грант бөлүүгө, ошондой эле өлкөнүн экономикалык долбоорлорун инвестициялоого даярдыгын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Таниге эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон чоң салымы үчүн ыраазычылыгын айтып өттү.