2020-жылы чет элдик аскерлер аскерий даярдык үчүн Украинанын аймактарына жайгаштырылат. Мындай мыйзамга өлкө президенти Владимир Зеленский кол койду.
Документке ылайык, аскердик машыгуулардан өтүү үчүн чет элдик аскерлер Украинага жайгаштырылат. Алгачкы 2 окуу АКШ аскерлери менен, андан соң Молдова, Румыния жана Улуу Британиянын аскерлери машыгары айтылууда.
Мыйзам аркылуу өлкө аскерлердин санын, алардын орун алган жайларын жана курал-жарактынын көлөмүн көзөмөлдөп турмакчы.