Марал Радиосу

Бишкекте лицензиясы жок алкоголдук продукциянын ири партиясы аныкталды

Бишкек шаарынан сатууга тийиштүү лицензиясы жок алкоголдук продукцияны сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Натыйжада ар кандай ассортименттеги 2 миң 234 бөтөлкө тартып алынды, анын ичинен «Любимый« маркетинен — 1164 бөтөлкө, «У дома» маркетинен – 170 бөтөлкө, «Крымские вина» маркетинен – 900 бөтөлкө элиталык вино алынды.

Учурда сотко чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.