Марал Радиосу

Кытай: Ураган мейманкана 29 өлүмгө себепчи болду

Кытайдын Цюаньчжоу шаарында урап түшкөн мейманканада куткаруу иштери аяктады. Куткаруучулар уранды астынан 71 адамды алып чыгышкан. Алардын 29у көз жумган.  Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Эске салсак, 7-мартта Фуцзянь провинциясынын Цюаньчжоу шаарында карантинге алынган мейманкана урап түшкөн. Мейманкана коронавируска кабылгандар менен мамиледе болгон адамдарды карантинге алуу жана көзөмөлдөө үчүн пайдаланууга берилген.

5 кабаттуу мейманканада кырсык катталганга чейин 71 адам болсо, алардын 58и вирусту жуктурууга шектелип, карантинге алынган.

Синьхуа агенттигинин маалыматына таянсак, үстүбүздөгү жылдын январь айында мейманкананын биринчи кабатында оңдоп-түзөө иштери жүргөн. Ал эми мейманкана 2018-жылы курулуп, кардарлар үчүн 80 бөлмөсү бар эле.

https://cdn25.img.ria.ru/images/07e4/03/08/1568314591_0:0:3072:2048_1440x900_80_0_1_113f6509d711cb6284b3030043d8c3b1.jpg.webp