Марал Радиосу

Чолпон Талипбек алгачкы чыгармачылык кечесин өткөрөт

«Ищу тебя», «Таппадым сендей»,»Сүйөм дедиң»өңдүү дагы бир канча ырлардын аткаруучусу, «Non stop» дуэтинин мурдагы солисти, ырчы Чолпон Талипбек 14-мартта Ош шаарынын «Чикаго» ресторанында өзүнүн алгачкы чыгармачылык кечесин өткөрүп, күйөрмандарына жагымдуу ырларын тартууламакчы. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасында билдирди.

Буга чейин көп жолу чыгармачылык кече өткөзүүнү ойлоп, бирок азырынча эрте деп койчумун,  азыр даяр болдум деп ойлойм”, — дейт ырчы айым.

Чолпонго ийгилик каалап, чыгармачылык кечесин жогорку деңгээлде өткөрүп алышына тилектештигибизди билдиребиз.