Марал Радиосу

Садыр Жапаровдун тарапташтары №1 тергөө жайына которулду

Саясатчы Садыр Жапаровду колдоп чыгып камакка алынган 6 тарапташы убактылуу кармоочу жайдан №1 абакка которулду. Бул тууралуу Бишкек милициясынан кабарлады.

Абактагы Садыр Жапаровду колдоп митинге чыгып, коомдук тартипти бузганы үчүн кармалган 6 жаранды 2 айга камакка алуу чечимин Бишкектин Свердлов райондук соту кабыл алган.

2-марттагы тынчтык митингден кийинки массалык башаламандык боюнча учурда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.