Марал Радиосу

Сапар Исаков эгиз уулдуу болду

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков эгиз уулдуу болду. Анын жубайы Малика Арстанбекова бүгүн, 11-мартта көз жарган.

Бул тууралуу бүгүн өткөн соттук отурумда маалым болду.  Мындай сүйүнүчтүү кабар менен экс-премьерди бир туугандары, жакындары сот залынан куттукташты.

Эскерте кетсек, Сапар Исаков өмүрлүк жары Малика Арстанбекова экөө 4 кызды тарбиялап келишкен.