Марал Радиосу

Кореяда акысыз билим алуу үчүн сынак жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги Кореяда акысыз билим алуу үчүн сынак башталганын кабарлады.

Докторантура программасы боюнча акысыз окууну каалагандар президенттик стипендия алат жана 2020-жылдын күз мезгилинде Сеул улуттук университетинде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Программа 6 семестр билим алууну, ай сайын 1 500 – 2 000 вон (болжолдуу 1250-1670 доллар) стипендияны, авиабилетти, корей тили курсун жана медициналык камсыздандырууну өзүнө камтыйт. Окуу жайдын жатакана акысын талапкер өзү көтөрөт (университеттин өкүлдөрүнүн маалыматында бул ай сайын 300 – 400 вонду түзөт).

Талапкерлер керектүү документтерди төмөндөгү шилтеме менен 27-март саат 17:00гө (Корея убактысы боюнча) чейин онлайн система аркылуу тапшыруу керек. https://en.snu.ac.kr/admission/overview/notice…

Анкетаны онлайн толтуруу жана башка процедуралар боюнча бардык маалыматтар жогорудагы шилтемеде англис жана корей тилдеринде келтирилген.