Марал Радиосу

ИИМ эскертет: Жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат

Кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы эскертет.

Маалыматка ылайык, акыркы убактарда WhatsApp мессенджеринде жана башка социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды жайылткан учурлар көп кездешүүдө.

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

Мыйзамды билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.