Марал Радиосу

Жамал Сейдакматова: Жүрөгүм согуп, бутум басып турганда театрдан кетпейм        

Жалпы элге аттын кашкасындай таанылган, Кыргызстандын, театр жана кино искусствосунун чебери, белгилүү актриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова «Марал» радиосуна басып өткөн жолу тууралуу кеп салып берди.

— Ар бир  доордун  кызыктуу  эсте  калган  окуялары болот эмеспи. Алгач, балалык – баёо сезим учурдан баштасамбы деп турам маекти. Бул куракта ар бир инсан таттуу учурларын  эстейт.

-Ооба, балалыгымды эстегенде мектепте окуп жүргөн кезим көз алдыма келет. Азыр анча эсимде жок, бирок алгач алты жашымда мектепке барган экенмин. Менден бир-эки жаш улуу балдар менен үйдүн жанындагы жерге ээрчип барып, эң алгач эле Аалы Токомбаевдин китебин таап, “Ысык-Көл» деген ырын жаттап алып, аны дайым ырдап берчүмүн. Ошондон улам, менин атымды көпчүлүгү «Ысык-Көл» деп коюшчу(күлүп). 7-классты аяктаганда Бишкектеги №5 интернат-мектеби окуучуларды кабыл алып жатканын угуп, Бишкек шаарына атам ээрчитип келип, мугалимдерге тапшырып таштап кетти. Ошондон баштап Бишкек шаарында жашап калдым. Үйдүн эң кенжеси болгондуктан аябай эрке жана тентек кыз элем, сабак учурунда мугалимдер: «Эй, Сейдакматова — Ысык-Көл тынч отур!»- деп көп эскертишет эле. Бирок ошого карабай, сабакты абдан жакшы окуйт элем. Балалыгымдын көп кызыктуу күндөрү мына ушул мектеп-интернатта өттү. Ишемби күндөрү ашканага окуучулар чогулуп алып ырдап-бийлеп отуруп, мен дайыма «Балыр болуп түбүңө жаткым келет Ысык-Көл» деген ыр саптарын аткарчумун.

-Сизди эң таланттуу, чебер актриса катары баалайбыз. Мына ушул чөйрөгө кантип аралашып калгансыз?

-Ошол учурда айылга театрдын актерлору келип, бир бактын ичине ар кандай спектаклдерди коюп беришчү,баарыбыз ошол жерге чогулуп алып өзгөчө кызыгуу менен көрөт элек. Бала кезимде Саякбай(Каралаев) атанын дагы Манас айтканын угуп калгам. Айылга келип алдына отургузуп алып «Манас» айтканы азыркыга чейин кулагыма угулуп турат. Карамолдо Орозов Корумду деген биздин айылдан болот. Ал киши “Көкөй кести” күүсүн черткен мезгилде сакалынан ылдый жаштар тыпылдап агып ,өзгөчө бир берилүү менен аткарар эле.

Андан соң, Бишкекке келгенде окуучуларды театрга алып барып турушчу, бул жерден дүйнөлүк театр менен да таанышып калдым. Ошол учурдун легендалары менин жүрөгүмө өзгөчө бир таасирин тийгизишип, дайыма аларды туурап, оюмда бир ролду аткарып көрүп, өтө чоң кыялдарга батып жүрүп, ошол учурда эле өзүмдүн театрда иштешим керек экендигин түшүнгөм.

-Кайсы бир маегиңизде «Театр менин жашоом, өмүрүм өткөнчө театрдан кетпейм» деп айтканыңыз бар. Бул тармакта адамды өзүнө тартып турган кандай сыйкырдуу күч бар?

-Азыр кинолор көп, интернет аябай өнүккөн заман, адамдар экрандын артында эле көрүп, билчүлөрүн билип алат. Бирок, театр жандуу нерсе анда адамдар сени менен түзмө-түз байланышып, сен сүйүнсөң кошо сүйүнүп, ыйласаң кошо ыйлап олтурушат. Сүйүктүү ролуңду аткарып, элдин алдына чыгып, алардын журөгүнөн аз да болсо орун алуу бул өзүнчө бир чоң бакыт.

-Театр ааламына кирип, ушул чөйрөнү таңдаганыңызга каршы чыккандар болгонбу учурунда?

-Эң биринчи эле үй-бүлөм каршы чыккан, ата-энем мени окумуштуу профессор болушумду каалаган, актриса десе эле элдин баары бузулуп кеткен адамдарды элестеткен заман болчу ал убак. Бир күнү Абдылдаев Абакир деген агама «мен театрга бардым, артист болом» десем эле ачууланып мени жаактан нары бир чапты. Андан кийин айылдан ата –энем бир кой союп шаарга келип ,Шабданбаев, Борончиев аксакалдар кошуналарыбыз болчу. Ошол кишилерди үйгө чакырып, тамак бериле баштаганда эле акындар театр жөнүндө ырдап, ал жакта кандай залкар адамдардын бар экенин айтып, таң атканча ырдашты. Атам ошондо макул болуп: «Баламды силерге табыштадым, жакшылап тарбиялагыла!» -деп батасын берген. Ошондон бери мына 64 жылдан бери ушул жолдо келе жатам.

-Улуу таланттуу инсандардын ичинен кимдер менен жакын болуп, чогуу жүргөнсүз?

-Мени көпчүлүгү эле кичинекей деп аярлап жакшы мамиле жасачу. Ошол учурда Далбаев, Өмүралиев, Шалтаев, Молдобаевалар баары бир учурда бир топ болуп келишти. Андан кийин Турсунбаева, Балыкбаевага окшогон дагы башка таланттуу жаштар келип кошула баштады. Эң алгач сахнага чыккан кезимди эч качан унутпайм, спектакль бүткөндөн кийин ырдап концерт коюшат эле. Бир күнү мага «ырдайсыңбы?»- деп сурап калышты,мен дароо эле макул болуп сахнага чыккам. Башында аябай сүрдөп жүрүп кийин көнүп кеттим. Негизи эле, кандай кесип болбосун бийикке чыгыш үчүн талыкпаган эмгек керек. Актриса болуш үчүн жагымдуу келбет, узун бой керек, бирок мыкты актриса болуу үчүн бул нерсе жетишсиз.Ал үчүн талыкпаган эмгек, чоң жүрөк болуш керек. Мисалы, Курманжан датканын ролун ойногондо ал эл үчүн күйүп жанып, жүрөгү ооруган мезгилде кандайдыр бир деңгээлде сенин да жүрөгүң оорушу керек, ошол образга жан дүйнөң менен кошо кирип аткарышың керек.

Азыркы театр актрисалары тууралуу кандай ойдосуз? Сиздин купулуңузга толобу?

-Азыр «Илгерки артисттер жок, азыркылар жакшы ойной алышпайт» деген сөздү көп угам. Бул сөз бир жагынан туура болсо, экинчи жагынан туура эмес. Себеби, азыр театрга элдер көп барбай калышты. Мурункудай стимул жок, элдер толуп келип турса, актерлор дагы дагы жакшы аткарганга аракет жасайт. Азыр элдин баары кечкисин театрга эмес, тойго барышат. Интернетте көп отурушат. Бирок мунун баарын убактылуу нерсе деп эсептейм. Себеби, адам баласы театрсыз жашабашы керек. Болбосо көкүрөгүбүздөгү руханий байлыгыбызды жоготуп алышыбыз мүмкүн. Театр — адамдык чоң касиеттерди, боорукерликти үйрөтөт. Азыр үч театрда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатканын угуп, абдан сүйүндүм. Эл арасында таланттуулар эч качан жоголбойт. Таланттулар дайыма чыгат, бирок аларга дагы шарт түзүп бериш керек деп ойлойм.

Бүгүнкү күндө өз алдынча каалап, кезекке туруп театрга келген адамдар дээрлик жокко эсе. Көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү уюштуруу жолу менен жетекчилери суйлөшүп анан келишет. Буйруса, алдыда жакшы спектаклдер коюлуп, элдер театрга көп келип баштайт деп ишенем.

-Көптөгөн  окуучуларды тарбиялап, окутуп келесиз, азыркы жаш муундун актердук чеберчиликтери кандай?

-Азыр актердук чеберчилик боюнча университеттерде, курстардан окутуп жүрүшөт. Негизи, окубай эле актер болуп алам деген нерсе туура эмес экен. Мен дагы убагында окубай эле, актриса болуп алам деп, өзүмдү-өзүм көп кыйнадым. Азыр болсо шүгүр, мыкты окутуучулар бар, таланттуу жаштарга көптөгөн мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

-Театр жана кино тармагында айрым адамдарга атаандашкан учуруңуз болгонбу?

-Бул жаатта атаандашуу туура эле көрүнүш.Атаандашуу аркылуу дагы жогору өсө аласың, анын бир нерсесин тартып алуу же жек көрүү эмес,Болгону, андан дагы жакшы аткарганга аракет жасайсың, болгон жакшы сапаттарды өзүңө алганга аракеттенесиң. Ошондуктан бул жакшы эле көрүнүш.

Кино ааламында аткарсам экен деп эң көп эңсеген ролуңуз кайсы?

-Негизи, ар бир аткарган ролду өзүнчө бир сүйүү менен ойнойсуң. Ар бир ролдун үстүндө айлап-жылдап  иштегендиктен, ролдор дагы балдарыңдай болуп калат.Акыркы ойногон ролдорун улам жүрөгүңө жакын сезиле берет. Комедия жанрын көбүрөөк жакшы көрөм. Шекспирдин комедиялык бир чыгармасын ойногондо аягында айтчу бир монологум бар эле, ошону өзгөчө сезимдер менен, берилүү менен айтар элем, жадакалса, азыркыга чейин унутпай айтып жүрөм.

Андан кийин дагы ар кайсы жанрдагы ар кандай ролдорду ойноп, мамлекеттик сыйлыктарга ээ болдум. Ар бири жүрөгүмө өзгөчө жакын. Азыр 80ге чыксам да, өзүмдү өзүм токтото албайм.  Көчөдө кетип бара жатсам да ичимден ошол ролду аткарып кете берем. Жүрөгүм согуп, бутум басып турган учурда бул жааттан алыстай албайм.

-Азыркы учурда кино көрөсүзбү, кайсыл кинолорду корөсүз?

-Бир кезде Мел Гибсондун «Апокалипсис» деген киносун көрүп аябай жактыргам. Дүйнөлүк кинолорду жана кыргыздардын кинолорун көрөм. Азыркы учурда Эрнест Абдыжапаров, Садык Шер-Нияз өңдүү дагы башка режиссерлордун кинолору жакшы чыгып жатат.

Үй кожейкеси кандай сапаттарга ээ болушу керек ? Деги эле, сиз кандай үй кожейкеси болдуңуз?

-Чынын айтканда, мен башынан эле үй иштерине жакшы эмес болчумун. Эрке кыз болуп, үйдөн көп жумуш жасабай, кийин чыгармачылык менен жүрүп, үй иштеринен алыс болуп калдым. Ал эми азыр болсо келин, балдар-кыздарым баарын жасап даярдап коюшат.

Сизге чоң рахмат! Бар болуңуз!

Exit mobile version