Google компаниясы онлайн котормочусуна жаңы 5 тил кошту. Анын ичинде түркмөн жана уйгур тилдери бар. Бул тууралуу The Verge басылмасы билдирди.
Эми котормолор руанда, ория, татар, түркмөн жана уйгур тилдеринде да жеткиликтүү болот.
Дүйнөдө аталган тилдерде 75 миллионго жакын адам баарлашат.
Жалпысынан, учурда Google Translatе аркылуу 108 тилде онлайн котормолорду ишке ашырууга болот.