Марал Радиосу

Өзгөн районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 10-март күнү саат 03:07де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Өзгөн районунун Калта, Жыланды айылдарында 3 баллга, Шоро-Башат, Ничке-Сай айылдарында жана Өзгөн шаарында 2-2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.