Кытайда коронавируска чалдыккандардын 70 пайыздан ашыгы айыкты. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди.
Анын айтымында, 62,8 миңден ашык киши илдеттен айыккан.
Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнө жүзү боюнча 114 миңден ашык адам коронавируска кабылган. Анын 80 миң 924ү Кытайда катталган.