Марал Радиосу

Өзбекстан ЕАЭБге байкоочу болот

Өзбекстан Евразия экономикалык биримдигине кирерден мурун уюмга байкоочу болот. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Быйыл январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкө ЕАЭБде байкоочу макамын алууга даяр экенин билдирген. Учурда бул маселе өзбек коомчулугунда кызуу талкууланууда. Алардын арасында ЕАЭБге кошулуу көз карандысыздыкка коркунуч алып келиши мүмкүн деп эсептегендер да бар.

Өзбекстан ЕАЭБге кирсе, 34 миллион калкы менен бул экономикалык биримдиктин Орусиядан кийинки экинчи чоң керектөөчү базары болуп калышы айтылат.

2015-жылы Орусия, Беларусь жана Казакстан тарабынан түзүлгөн ЕАЭБге кийинчерээк Армения менен Кыргызстан да кошулган. Азыр уюмда Молдова байкоочу макамына ээ.