Марал Радиосу

Тынч митингдерге чектөө киргизүү чечими четке кагылды

Бишкектин шаардык соту шаарда митингдерди, тынчтык жыйындарды, жүрүштөрдү өткөрүүгө чектөө киргизүү боюнча сунушту четке какты. Мындай чечимди сот бүгүн чыгарганын мекемеден билдиришти.

Буга чейин Биринчи май райондук акимчилиги ушул жылдын 1-июлуна чейин митингдерди өткөрүүгө чек коюу чечимин кабыл алып, райондук сот аны мыйзамдуу жана негиздүү деп тааныган.

Башкы прокуратура мындай чечим Баш мыйзамга каршы келе турганын билдирген.