Марал Радиосу

Тажикстанга мыйзамсыз 17 тонна ун алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Баткен облусунун Лейлек районунда  У. А. аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “DAF” үлгүсүндөгү транспорт каражаты чек ара өтмөгүнөн сырткары аймактан өтүүгө аракет кылып кармалды. Текшерген учурда мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 15 тонна болгон жашылча табылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Айдоочу Тажикстандан Кыргызстандын аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Ошондой эле Лейлек районуна караштуу Арка айылында «Мерседес-Атего» үлгүсүндөгү транспорт каражаты дагы  чек ара өтмөгүнөн сырткары аймактан өтүүгө аракет кылып, токтотулуп текшерилгенде, Кыргызстандын жаранынын мыйзамсыз 17 тонна ун алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталган.

Кармалган товарлардын жалпы наркы болжол менен 1 млн сомду түзөт.

Аталган фактылар тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.