Марал Радиосу

Ошто жүрөк кемтиги менен ооруган балдарга алгачкы ирет операция жасалды

Ош шаарында жүрөк кемтиги менен ооруган балдарга операция жасалды. Облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасынан билдиришкендей, мындай саамалык шаарда алгачкы жолу болуп жатат.

Операциялар Улуттук кардиохирургия илим-изилдөө борборунун адистери жана Оштогу облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Алардын ичинен 3 балага операция Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын базасында жасалды. Бул Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында жүрөккө жасалган алгачкы операция болуп эсептелет. Облустук ооруканада 3 балага, балдар клиникасында 1 балага операция жасалган. 2 балага Бишкекте жасала турган болгон, — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө операция болгон бейтаптардын абалы канааттандырарлык.