Марал Радиосу

Кыргызстандык режиссердун тасмасы АКШда көрсөтүлөт

Кыргызстандык режиссер Канат Өмүрбековдун «Курьер» аттуу кыска метраждуу тасмасы АКШнын Огайо штатындагы «Атенс» эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Фесиваль 6-12-апрель күндөрү Огайо штатынын Атенс шаарында болуп өтөт.

Учурда Канат Өмүрбеков Огайо университетинин кино мектебинин магистратурасында үчүнчү курста билим алууда. Ал фестивалга катышып жаткан 11 мүнөттүк тасмасын 2-курсунда тарткан.