Марал Радиосу

Баткенде Апас Жайнаковдун 60 жылдыгына арналган иш-чара кийинкиге жылдырылды

Белгилүү ырчы жана обончу Апаз Жайнаковдун жаркын элесине арналган иш-чара кийинкиге жылды. Бул тууралуу Баткен шаарындагы Апаз Жайнаков атындагы облустук драмалык театрдын директору Мамажан Бердишев кабарлады.

Буга коронавирус коркунучуна байланыштуу өлкө боюнча маданий мекемелерде ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилгени себеп болгон.

Бүгүн, 6-мартта ырчынын 60 жылдык маарекеси өткөрүлмөк. Эми ал белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Апас Жайнаков айтылуу “Кыргыз жери”, “Өрүкзарга кетели” сыяктуу  көптөгөн ырларга жазылган обондордун автору.

Өмүрүнүн акыркы жылдары Баткен облустук драмалык театрынын директору болуп иштеп турган. 2013-жылдын 9-ноябрында 53 жаш курагында каза болгон.