Марал Радиосу

Түштүк Кореядан келе жаткан учак Алматыда карантинге алынды

100 жүргүнчү менен Түштүк Кореядан келе жаткан учак Алматы шаарында карантинге адлынды. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөрдүн 93ү Казакстандын жараны болгон. Калган 7 киши башка өлкөнүн жараны.

«Эпидемиологиялык абал курч болуп турган өлкөдөн келген жарандар карантинге алынды. Алардын баары дени сак. Мэрдин буйругу менен оорунун жайылышы күч алган өлкөлөрдөн келгендерди 14 күн карантинге алуу чечими кабыл алынган», — деди Алматы шаарынын Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетексичи Тлеухан Абилдаев.

Ал мындай аракеттер илдет өлкө калкына жайылып кетпеши үчүн жасалып жатканын кошумчалады.

Айта кетсек, Казакстан 8-марттан тарта Кытай, Иран жана Түштүк Кореянын жарандарын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган.