Марал Радиосу

Түркия парламентинде депутаттардын массалык мушташы болду (видео)

Кечээ, 4-мартта Түркиянын парламентинде депутаттардын ортосунда массалык мушташ чыкты. Мушташ Түркиянын Сирияда жүргүзүп жаткан саясатын талкуулап жаткан учурда болду.

Маалыматка ылайык, Межилистеги оппозициячыл «Элдик республикачыл» фракциясынын лидери Энгин Өзкоч президент Эрдогандын Сирияда жүргүзгөн саясатын сындаган. Ал эми бийликтеги «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын депутаттары бул сөздөргө ачууланып, массалык мушташ башталып кеткен.

Буга чейин Түркия президенти Сирияда согуштук операцияларды баштоо боюнча айтканда, республикачылардын лидери Кемал Кылычдароглу түрк бийлиги согушту баштагандын ордуна Сирия президенти Асад менен сүйлөшүүгө баруусу зарыл деп сунуштаган. Эрдоган Кылычдароглунун мындай сунушун «чыккынчылык» деп баалаган.

Оппозициячыл «Элдик республикачыл» партиясынын лидери Кылычдароглу Эрдогандын Путин менен жолугушуусун да сындап, «Биздин аскерлер Сирияда шейит кетип жаткан учурда, эмне үчүн Путинге чуркайсыңар», -деп кошумчалаган.