Марал Радиосу

Сот Ширин Айтматованын күйөөсүн камакта калтырды

Бишкек шаарынын соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматованын жарандык никедеги күйөөсү Сыргак Кенжебаевди камакта калтырды. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Кенжебаев 2020-жылдын 20-апрелине чейин камакка алынган. Жактоочулар бул чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку инстанцияга кайрылышкан болчу.

Эске сала кетели, Сыргак Кенжебаев алдамчылык кылмышына шектелип, 2019-жылдын 20-декабрында Казакстандын Алматы аэропортунан кармалган. Учурда ал №1 тергөө абагында кармалып жатат. Кылмыш иши Ички иштер министрлиги тарабынан тергелүүдө.