Марал Радиосу

Мушкер Азат Үсөналиев Олимпиадалык лицензия үчүн беттешке чыгат

Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев Амман шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Азиянын лицензиялык мелдешинде бүгүн рингге чыгат. 52 килограмм салмактагылар арасында күч сынашкан мушкерибиз мелдештин 1/16 финалынан тарта оюнга катышат. Азаттын бул этаптагы атаандашы япониялык Риомей Танака болмокчу.

Дагы бир мушкерибиз Нурсултан Маматалы да бүгүн 1/16 финалдан тарта күч сынашат. 69 кг салмактагы боксчулар менен мөөрөй талаша турган Нурсултан тажикстандык Шерали Мамадалиев менен кез келет.

Бул мелдеш 2020-жылы Токиодо өтүүчү олимпиадага лицензия берилүүчү мелдеш болуп саналат.