Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Окуу китептери өлкө аймагында басылышы керек

Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 596 | 0

Акыркы 30 жылда алынган 10,5 млрд доллар каражаттын 228 млн доллары билим берүүгө багытталган. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн «Кыргызстан 1-сентябрда китепсиз калышы мүмкүн. Көйгөйдү чечүү жолдору» аталышындагы тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, окуу китептеринде кандайдыр бир ката кетсе, билим берүү министри командасы менен толук кызматтан кетиши зарыл.

«Ал кызматкерлер мектеп директору болуп да иштебеши керек, алар сабак да өтпөшү керек. Миллиондогон балдардын келечегин тобокелге коё албайбыз. Үтүр  чекит болуп калдыбы, министр кызматтан алынышы зарыл. XXI кылымда бул — уят. Бүткүл дүйнөлүк банкты финансылык институт катары көрүшүбүз керек. Биз техникалык тапшырманы иштеп чыга албай жатабыз, тилекке каршы, үйрөнгөн эмеспиз. Бизге кайсы китеп керек экенин түшүнө албай жатабыз. 5-10-20-30 жыл окуу куралдарын, методологияларды бекиткен саясий эмес орган керек болуп турат. Ал эми министрлик ал мекеменин бардык аракеттерин, уюштуруучулук иштерин карап, жооп берет», — деди Жапаров.

Эл өкүлү мындан сырткары типографияларга насыя берүү зарылчылыгын белгиледи.

«Алар тийиштүү инфраструктурасын калыбына келтирип, финансылык институттардын талаптарына жооп бере алгандай шарт түзүү зарыл. Окуу китептери өзүбүздүн аймакта басылып чыгарылышы керек», — деди депутат.

Copyright © 2017 Maral FM