Марал Радиосу

Diamond Princess кемесинде коронавируска шектелген кыргызстандык ооруканадан чыкты

Япониялык Diamond Princess саякаттоочу кемеде коронавирусту жуктуруп алды деп шектелген кыргызстандык ооруканадан чыгарылды. Ал учурда Токио шаарындагы мейманканага жайгаштырылган.

Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти расмий билдирүү таратты.

Кыргыз жаранына Япониянын ооруканасы тарабынан сертификат берилген. Анда ден соолугу коронавирустан таза экенин билдирген маалымат камтылган.

Мекендешибиз учурда Токио шаарында эркин саякаттап жүрөт. Ал мекенине келсе, атайын санитардык эрежелерге байланыштуу Кыргызстанда 14 күндүк обсерваторияга жайгаштырылат.

Exit mobile version