Марал Радиосу

Коронавирус 63 өлкөгө жайылды [тизме]

WUHAN, CHINA - FEBRUARY 12: (CHINA OUT) A resident wears a protective mask as she shops in the supermarket on February 12, 2020 in Wuhan, Hubei province, China. Flights, trains and public transport including buses, subway and ferry services have been closed for 21 days. The number of those who have died from the Wuhan coronavirus, known as 2019-nCoV, in China climbed to 1117. (Photo by Stringer/Getty Images)

Кытайдан башка өлкөлөрдө вирусту жуктургандар 10 700дөн ашты. Түштүк Кореяда вируска кабылгандардын жалпы саны — 4812ге жетти, Италияда вирус жуктургандар 2036 адам, Иранда — 1501, Японияда — 274 адам катталган.

Кытайда вирусту жуктургандар 80 302ге жетти, ошол эле учурда 47 260 киши аталган илдеттен айыкты. Жалпы дүйнө боюнча 91 миңден ашык адам вируска кабылган. Кытайда 2947 адам коронавирустан каза болсо, Кытайдын тышында 170тен ашык киши аталган вирустан көз жумду.


3-март: Коронавируска кабылгандар 91 миңден ашты [хронология]


Diamond Princess круиздик лайнеринде вируска кабылгандар – 706, алардын арасынан 6 адам каза болгон.