Марал Радиосу

Эки айда 11 млрд сом салык чогулду

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан ушул жылдын январь-февраль айларында 11 млрд 918,4 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Белгиленген план 100,1 %га аткарылды же 15,5 млн сомго ашыгы менен жыйналды.

2019-жылдын эки айына салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 744,1 млн сомго көп жыйналган же өсүү тепми 106,7 %ды түздү.