Марал Радиосу

Коронавирус: Өзбекстан Токио менен Римге аба каттамдарын убактылуу токтотту

rhdr

«Uzbekistan Airways» улуттук авиакомпаниясынын маалыматы боюнча, Токио жана Рим шаарларына болгон аба каттамдар бүгүн, 1- марттан баштап коронавируска байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу centralasia.media жазды.

Ошондой эле, бардык каттамдарда Өзбекстандын мамлекеттик чек арасынан өткөн жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, санитардык-карантиндик иш-чаралар жана медициналык-санитардык көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат.