Марал Радиосу

Өкмөт: Сириядагы жарандарды алып келүү аракети токтобойт

Кыргыз Өкмөтү согуштук аракеттер болуп жаткан Сириядагы Кыргызстандын жарандары жана алардын балдарына байланышкан  маселени үзгүлтүксүз көзөмөлгө алып келет. Тийиштүү мамлекеттик органдар бул багытта ар тараптуу комплекстүү иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлады.

Өкмөттүн тапшырмасы менен компетенттүү органдардан ведомстволор аралык комиссия түзүлүп иш алып барууда. Анын алкагында Сириядагы кыргызстандыктар боюнча маалыматтарды чогултуу, абактарда, лагерлердеги абалдарды анализдөө иштери жүрүүдө.

Акыркы маалдардагы түрдүү террордук топтордун активдешүүсүнөн улам Сирияда абал курчуп, Кыргызстандын жарандарын алып келүү мүмкүн болбой жатат.

Деген менен Кыргызстандын тийиштүү органдары өнөктөш мамлекеттердеги байланыштар, эл аралык уюмдар аркылуу аракеттер көрүлүп келет.