Марал Радиосу

Кыргызстан Токио олимпиадасына лицензия берүүчү мелдешти өткөрүүдөн баш тартты

Бишкектеги 2020 — Токио Олимпиада оюндарына лицензия берилүүчү спорттук күрөш боюнча мелдеш өтпөй калды. Кыргызстан аталган турнирди өткөрүүдөн баш тартты. Бул боюнча Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги демилге көтөрүп, бүгүн чечим кабыл алганын агенттиктин маалымат катчысы Нурпери Садырбекова “Маралга” кабарлады.

Мелдешти 27-29-мартта Бишкек шаарында өткөрүү пландалган. Мындай чечимге коронавирус дартынын дүйнөгө тездик менен тарашы себеп болду. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкуловдун жетекчилиги астында бүгүн, 27-февралда өткөн ыкчам жыйында аталган мелдешти өткөрбөө боюнча чечим кабыл алынды. Кыргызстан мелдешти өткөрүүдөн баш тартканы айтылды, — деди Нурпери Садырбекова.

Эскерте кетсек, буга чейин күрөш боюнча мелдеш Кытайдан Кыргызстанга жылдырылган болчу.