Орусиянын теннисчи айымы Мария Шарапова спорттук карьерасын жыйынтыктаганын маалымдады.
Мария 6 жылдан бери АКШнын Флорида штатында жашаганы менен, Орусия желегинин астында чыгып келген. Ал алгач ирет 2003-жылы Австралияда өткөн Чоң шлем турнирине катышкан. Андан бир жыл өтүп, 17 жаштагы Шарапова финалда Серена Уильямсты жеңип, Уимблдон турниринде чемпион болгон.
Анын эсебинде Чоң шлем турнириндеги 5 жеңиш бар.
32 жаштагы Шарапова спорттон кеткен себебин ачыктаган эмес. Бирок, акыркы жылдары желкесиндеги жараты оюн учурунда ыңгайсыздык жаратып келгени белгилүү.