Биз менен байланышыңыз

Даттануучунун тосмо арызына карабай, сот Сапарали Бөрүбаевди камакта калтырды

Кыска кабар | 27 Фев 2020 | 4052 | 2

Бүгүн Баткендин облустук соту Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевдин баш коргоо чарасын карап, аны камакта калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Асылбек Кунгуров “Маралга” билдирди. Соттук териштирүүдө даттанган депутат Нурдин Дүйшөбаевдин «доом жок» деген тосмо арызы келтирилген.

Алтын кендеги кылмыш ишине байланыштуу иште ошол кенди казуу лицензиясына ээлик кылган “A.Z.International” компаниясынын директору Сергей Юрченко өзү сотко катышып, Сапарали Бөрүбаевди чыгаруу боюнча көрсөтмө берди. Биз, жактоочулар, мындан сырткары ошол кылмыш иштердин мөөнөтү өтүп кеткендиги, Бөрүбаевдин туруктуу жашаган жери, жаш балдарынын бар экени боюнча сотко жүйөлөрдү келтирдик. Ага карабастан сот Сапарали Бөрүбаевге карата Лейлек райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Соттун чечимине комментарий бере албайбыз, бирок биздин, жактоочулардын пикири боюнча Сапарали Бөрүбаевди чыгарууга мыйзам толук жол берет эле, — деди жактоочу.

Адвокат ошондой эле, Бөрүбаевдин үстүнөн даттанган Дүйшөбаев соттук отурумга киргизилбегенин, ал аппеляциялык арыз берсе, сот аны карабай кайтарып бергенин кошумчалады.

Сапарали Бөрүбаевге карата Жазык кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен иш козголуп, 14-февралда милиция аны камакка алган. Лейлек райондук соту 15-февралда Бөрүбаевдин бөгөт чарасын карап, 14-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Буга айылдык кеңештин депутаты Нурдин Дүйшөбаевдин төрага Бөрүбаев «эч бир себепсиз коомдук жайда уят сөздөр менен акаарат кылып, жерге жаткырып алып уруп, денесине зыян келтиргенин» айтып арызданганы негиз болгон.

Күч органдары кийин Бөрүбаевдин бул ишине кошуп, 2012-жылдагы “Тоноо”, “Жапырт башаламандык” жана «Бирөөнүн мүлкүн жок кылуу» беренелеринин негизинде да сотко чейинки өндүрүш ачкан.

Бөрүбаев 2012-жылдын 19-22-ноябрь күндөрү Лейлектеги алтын кени бар «Апрельская» тилкесинде болгон башаламандыкка тиешеси бар деп шек саналууда.

Сапарали Бөрүбаев «Чек ара» коомдук бирикмесинин төрагасы болуп саналат. Анын камалышы ишмердүүлүгү менен түздөн-түз байланыштуу экенин бирикменин мүчөлөрү айтышууда.

2 пикир

2 пикир

  1. Валижан

    27.02.2020 17:48

    Сапарали Борубаевке боштондук жана боштондук. Тура эмес чечим чыгарган сот кетсин кетсин 💪

  2. Чынгыз

    27.02.2020 19:56

    Элдин ишенген адамын камакка алган сот бул сот емес. Патриот болсон мына камакка калат екенсин бул заман кысыып еле журуш керек болду Сапар акебиз елим жерим деген инсан чыныгы ПАТРИОТ

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM