Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Эл аралык финансылык корпорациясы менен аэропортторду өнүктүрүү боюнча кызматташат

Кыска кабар | 27 Фев 2020 | 293 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эл аралык финансы корпорациясынын Латын Америка жана Кариб, Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча вице-президенти Джорджина Бэйкер менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда жеке секторду өнүктүрүү аркылуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу, ошондой эле экономиканын түрдүү тармактарындагы жаңы инвестициялык долбоорлорго жардам берүү үчүн эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Джорджина Бэйкер республикага инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы финансылык инструменттерин жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо максатында келгенин билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөгү инвестициялык дараметти натыйжалуу колдонууга, чакан жана орто бизнести каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин өнүктүрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев аймактык транзиттик авиа-хаб түзүүдөгү, аэропорттордун инфраструктурасы менен туризмди өнүктүрүүдөгү жана жаңы эл аралык багыттарды ачуудагы Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн бул долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.

Премьер-министр жана IFCтин аймактык вице-президенти Эл аралык финансы корпорациясынын башка өлкөлөрдө аэропортторду өнүктүрүү чөйрөсүндө окшош долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чоң тажрыйбасын эске алуу менен бул багыттагы биргелешкен кызматташтык ийгиликтүү болоруна ишенимин билдиришти.

Жолугушууда Кыргыз экономикасы үчүн мааниси чоң биргелешкен долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруу максатында биргелешкен аракетти активдештирүүнүн мааниси белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM