Биз менен байланышыңыз

Боронов: Жазгы-талаа иштерин күйүүчү май менен камсыздоодо көйгөй болбойт

Кыска кабар | 27 Фев 2020 | 457 | 0

Жазгы-талаа иштеринде дыйкандарды үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу каражаттар менен камсыздоодо көйгөйлөр болбойт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештеги жыйында депутат Жыргалбек Турусбековдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Кубатбек Боронов билдиргендей, быйыл өлкө аймагындагы жалпы айдоо аянттары 1,19 млн гектарды түзөт. Ушу тапта дыйкандарды сапаттуу үрөн, жер семирткич, күйүүчү май менен камсыз кылуу, айыл чарба техникаларын жаңыртуу, ирригациялык тутумдарды оңдоо чаралары көрүлүүдө.

Ошондой эле депутат Жыргалбек Турускулов кышында кар аз жааганын белгилеп, «суу тартыштыгы болбойбу» деген да суроо узатты.

Ал эми Ѳкмөттүн алдындагы Суу ресурстары Мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдибай Жайлообаев: “Алдын-ала жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянганыбызда, быйыл көпчүлүк суу бассейндеринин көлөмү 10-12%га чейин төмөн болору болжолдонууда. Бирок так маалымат апрель айында чыгарылат”, – деп жооп берди.

Copyright © 2017 Maral FM