Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-февралда саат 07:43тө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Кадамжай районунун Бел-Суу айылында 3 балл, Совет, Кыргыз-Кыштак жана Шуран айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Ошондой эле, 26-февралда саат 11:50дө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.