Биз менен байланышыңыз

Кечээ Кытайдан Кыргызстанга 17 адам келди

Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 8203 | 2

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанга Кытайдан 17 адам келди. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште коронавирустун алдын алуу боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жаткан учурда Мамлекеттик чек ара кызматы депутат Махабат Мавлянованын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча бир сутканын ичинде Кытайдан 17, Япониядан 1 жана Түштүк Кореядан 17 киши Кыргызстанга келишкен.

Чек ара кызматы кабыл алынган тартип боюнча аларды дарыгерлердин кароосуна өткөрүп берип жатат.

2 пикир

2 пикир

  1. Мээрим

    28.02.2020 00:10

    Эмне учун чек арадан откозуп,киргизип атышат….Ал чёт элдиктер кыргыз элдин омурунон артык болуп кетиштиби???эмне учун откорушот? Такыр эч кимди киргизишпесин!!!😣

  2. Жаныл

    15.03.2020 21:46

    Саламатсыздарбы чек арадан емнеге гиргизет кытайларды озу кытайдан кутулалбай жатсак карона вирус ушулардан гелип ататко озу чек арадагы адамдарга денсолук емес акча еле герек окшойт

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM