Марал Радиосу

Кечээ Кытайдан Кыргызстанга 17 адам келди

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанга Кытайдан 17 адам келди. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште коронавирустун алдын алуу боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жаткан учурда Мамлекеттик чек ара кызматы депутат Махабат Мавлянованын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча бир сутканын ичинде Кытайдан 17, Япониядан 1 жана Түштүк Кореядан 17 киши Кыргызстанга келишкен.

Чек ара кызматы кабыл алынган тартип боюнча аларды дарыгерлердин кароосуна өткөрүп берип жатат.