Марал Радиосу

Маматалиев: АКШ депутаттары Кыргызстанга киргизилген визалык чектөөгө нааразы болушту

Жогорку Кеңештин депутаттары АКШга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кыргызстанга киргизилген визалык чектөөнү алуу маселесин коюшту. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев “Марал” радиосуна билдирди. Эл өкүлдөрү АКШнын 2 конгресси менен жолуккан.

-Алардын экөөсү тең биздин сунушту колдоду. Эмне үчүн келип-келип, биздин мамлекетти “кара тизмеге” киргизгенине нараазы болушту. Бирөөсү 1-2 күндө өз комитетинде бул маселени көтөрө турган болду. Алдыда дагы 6-8дей конгресс менен жолугуу пландалган. Анда да киргизилген чектөөнү алуу маселесин көтөрөбүз, — деди эл өкүлү.

Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Алмазбек Эргешов жана Рыскелди Момбеков иш сапары менен АКШда жүрөт.

Эскерте кетсек, АКШ бийлиги грин-карта боюнча Кыргызстандын жарандарына виза берүүгө убактылуу чектөө киргизген болчу.