Марал Радиосу

Румыниянын премьер-министри кызматтан кетти

Румыниянын Улуттук либерал партиясынын жетекчиси Людовик Орбан премьер-министрликтен кетти. Бул тууралуу Румыния президенти Клаус Йоханнис маалымдады.

Йоханнис өкмөт башчынын отставкасын кабыл алып, бул кызматка сунуштарды угуу үчүн бүгүн, 26-февралда партиялар жыйынын өткөрөт.

Румыния президенти, өкмөт башчынын отставкага кеткенинин себебин Социал-демократтар партиясынын нааразычылыгы менен түшүндүргөн.

Орбандын мурунку өкмөтү 5-февралда, оппозициялык Социал-демократтар партиясынын парламентке болгон ишенбестигинен улам кызматынан алынган болчу. Ишенбөөчүлүк мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген соң жаралган. Өкмөт кетирген соң президент Орбанга жаңы өкмөт түзүүнү тапшырган.