Марал Радиосу

Ошто 8 жашар бала сууга агып чарчап калды

Ош шаарынын Латибжанов көчөсүндө каналга жаш бала түшүп агып кеткен. Ыкчам издөөгө алган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматы 2012-жылы туулган баланын жансыз денесин табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

ӨКМдин куткаруу кызматы баланын денесин Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Баланы куткарууга 4 куткаруучу тартылган.