«Санпа шейиттери» коомунун мүчөлөрү бүгүн Жалал-Абадда маалымат жыйын өткөрүп, укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата Жогорку сотто башталган кайрадан кароону айыптады. Алар Жогорку Соттун мурунку чечимдеринин өзгөртүүсүз калышын талап кылышты.
Коомдун төрагасы Сырдаш Мамарасулов 2010-жылдагы окуяларга Азимжан Аскаров түздөн-түз катышканы бардык соттордо далилденип, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылганын белгиледи.
— Эгерде Азимжан Аскаровго карата соттун чечими өзгөрө турган болсо, биз жабырлануучулар жөн карап турбайбыз. Бул эки элдин ортосуна кайрадан доо кетириши мүмкүн. Апрель айында Бишкекте боло турган сот отурумуна да катышып, өз нааразылыгыбызды билдиребиз, — дейт ал.
Жогорку сот Азимжан Аскаровдун ишин бүгүн карап баштап, 6-апрелге жылдырды. Буга бүгүнкү отурумда прокурорлор кассациялык арызга кошумча жүйөлөр киргизилгендиктен, иш менен таанышууга убакыт сурап, өтүнүч келтиргени себеп болду.