Марал Радиосу

Түштүктө дыйкандар эгин айдоо иштерин баштады

Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон райондорунда, Оштун Араван районунда, Баткен облусунун Лейлек районунда арпа эгүү иштери башталды. Бул тууралуу өлкөнүн Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти. Чүй облусунда дагы жер айдоо иштери башталганы билдирүүдө айтылат.

Министрлик өткөн жылга караганда жаз быйыл 15-20 күнгө эрте келгенин белгилейт.

Өлкө боюнча 1 млн. 220 миң гектар айдоо жери болсо, анын 1 миллионго жакыны дыйкандардын колунда. Башкача айтканда, айдоо жерлеринин 97% жакыны жеке менчикте.